super.kg logo

Казакстан чек арадан Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл пунктун алып салды

 

Казак-кыргыз чек арасынан Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл пункту алынды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын басма сөз кызматынан Рахат Садырбекова билдирди.

"Кыргыз Республикасы жана Казакстан өлкөсү эгемендүүлүк алгандан бери эки өлкөнүн ортосунда Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл пункту иштеп келген. Бул көзөмөл жайын Кыргыз Республикасы 2015-жылдын ноябрында алып салган болчу. Ал эми казак тарап 2015-жылы көзөмөлдөө ишин күчөткөн. Бүгүнкү күндө эки тараптуу келишим менен аталган көзөмөл пункту толугу менен алынды. Мындан ары фермерлер өндүргөн товарларын Казакстан аркылуу алып өтүүдө кыйынчылык жаралбайт", - деди Садырбекова.

Эске салсак, буга чейин өлкөнүн чарбакерлерине чет өлкөгө Казакстан аркылуу товар алып өтүүдө кыйынчылык жаралып, айрым учурда артка кайтарылган учурлар болгон. Ал эми Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы 2016-жылдын 10-октябрында кыргыз-казак чек арасы аркылуу товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоого багытталган чечим кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.10.2016. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Казактар караса кыргыздар өзбектер менен мамилеси жылып баратат, анан чочулаганынан эле алып салды булар.
27.10.2016. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ооба ошондой болгон бул Казактар оло шумдук калкта
28.10.2016. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир нерсени жакшы жакка жоорубай калдыкко.
28.10.2016. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Козомол пунктун алганы бир тыйнга татыбайт.Казакстанда транзиттик жолдогу ГАИкызматкерлери андан жуз эсе кымбат акча алып коюшат,эч далилсиз себептер менен.Эмне учун десен".. кай жерде журсун баурым,сен кыргызстанында айгайла дешет ..!!!!!!!Коррупция бизде эле десем коншулардагы чолдордон бери тукум таштап кобойушуп кетиптир.Бир кудай гана жазалайт ыймансыздарды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: