super.kg logo

Мурунку коргоо министри менен анын ошол кездеги орун басары "5 миллион сомду максатсыз колдонгон" деп айыпталышууда

 

Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы бюджеттик каражатты мыйзамсыз колдонуу фактысы боюнча мурунку коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) менен айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 28-октябрда билдирди.

Андан сырткары мурунку министрдин орун басары Нуркалый Жумабаев да (Коргоо министрлигинин Каржы башкармалыгынын башчысынын кызматын ээлеп турганда) 304-берене (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 305-берене менен айыпталып жаткандыгы маалым болду.

"Тергөө иштеринде Таалайбек Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Коргоо министри болуп турган кезинде ошол маалдагы Коргоо министрлигинин Каржы башкармалыгынын башчысы Нуркалый Жумабаев менен биргеликте "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" жана "Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" мыйзамдарынын талаптарын бузуп, мамлекеттик бюджеттен мыйзамсыз түрдө 5 миллион сом зайым катары чарбакер субъектке бөлгөнү аныкталган. Бул каражат башка максатка бөлүнмөк. Жыйынтыгында чарбакер субъекттин башысы бөлүнгөн каражатты өзү каалагандай, максатсыз колдонгон. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2015-жылы Таалайбек Өмүралиевге Кылмыш-жаза кодексинин "ишенип берилген мүлктү жок кылуу же ыйгарып алуу", "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык жасалмачылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Бөлүнгөн 5 миллион сом коммерциялык түзүмдөрдүн эсебине которулуп, эки жылдан бери бул акча мыйзамсыз жүгүртүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
28.10.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар эми иштей башташкан го. Мурда жоюлат деп журду эле. Коркушканго
28.10.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо керемет . Бюджеттин тамтыгы чыгып калды .
28.10.2016. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
прокуратуранын бироосу менен келишпей калса керек да анан артын акырындан ача баштады да
28.10.2016. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул министр мени каттуу капа кылган болчу
28.10.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
максатсыз колдонгону кандай жеп алганбы
29.10.2016. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 миллиард $ алган десе жарашмак.....5 мл сом ак уйго 5 кагаз тыйндай угулса керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: