ЖЫЛНААМА, 28-ОКТЯБРЬ: Мындан 130 жыл мурун Нью-Йоркто "Эркиндик" айкелинин расмий ачылышы болгон
1886-жылы 28-октябрда Манхэттендин көчөлөрүндө парад орун алып, ошол кездеги АКШнын президенти Гровер Кливленд Франциянын желеги менен жабылган статуяны салтанаттуу түрдө ачкан.


1886-жылы 28-октябрда Манхэттендин көчөлөрүндө парад орун алып, ошол кездеги АКШнын президенти Гровер Кливленд Франциянын желеги менен жабылган статуяны салтанаттуу түрдө ачкан.

Бартольдинин Египетке коюла турган жарык берүүчү мунарасы

АКШнын, ошондой эле эркиндиктин жана демократиянын символу деп аталган Нью-Йоркто жайгашкан "Эркиндик" айкели 1876-жылы АКШнын кѳз карандысыздыгына карата кабыл алынган Декларациянын 100 жылдык мааракесине карата Франция элинен белек катары жасалган. Айкелдин салтанаттуу ачылышы мааракеден 10 жыл өткөндөн кийин болгон. Ал толук "Дүйнөнү жарыктандырган эркиндик" деп аталат.
Статуяны француз скульптору Фредерик Огюст Бартольд жана инженер Гюстав Эйфель жасаган. Аны Франциядан Америкага жеткирүү үчүн 350 бѳлүккѳ бѳлүп, 214 ящикке салышкан. Статуянын бийиктиги факелдин учунан пьедесталдын түбүнѳ чейин 93 метр, статуянын ѳзүнүн бийиктиги пьедесталга чейин 46 метр. Статуя куюлган жездин салмагы 31 тонна, ал эми болот конструкциясынын салмагы 125 тоннаны түзгѳн. Ачылган күндѳн баштап бир канча жылга чейин статуя маяк катары пайдаланылган.
28-октябрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.