ЖЫЛНААМА, 29-ОКТЯБРЬ: 3 жыл мурун Түркияда узундугу 13 чакырым 600 метрди түзгөн Мармарай суу алдындагы темир жол тоннелинин ачылышы болгон

Түркия Республикасынын 90 жылдык мааракесине карата узундугу 13 чакырым 600 метрди түзгөн Мармарай суу алдындагы темир жол тоннелинин ачылыш салтанаты болуп өткөн. Аталган тоннель Стамбулдун Европа менен Азия бөлүгүн туташтырып, дүйнөдөгү эң терең суу алдында салынган тоннелдердин экинчиси болуп саналган. Анткени ал Босфор кысыгынын алдында, 55 метр тереңдикте салынган. Күнүнө 1,5 миллион жүргүнчүнү ташууга ыңгайлашкан. Долбоордун жалпы суммасы 3,3 миллиард еврону түзгөн. Тоннель 2004-жылы курулуп баштаган. Тоннелдин Европа жээгиндеги кире бериш оозу Казлычешмеде, ал эми Азиядагы кире бериш оозу Айрылыкчешмеде жайгашкан.
29-октябрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.