Кыргыз Республикасында пенсионерлердин 48 пайызы 4600 сомдон аз пенсия алат

Кыргыз Республикасында пенсионерлердин 48 пайызынын пенсиясы 4600 сомдон төмөн. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Социалдык фонддун өкүлү билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 604 миң пенсионер бар. "Алардын 52 пайызы 4600 сомдон жогору пенсия алат. 4600 сом - бул эң төмөнкү тиричилик каражатынын көлөмү", - деди чиновник.
Депутат Руслан Казакбаев "Эгер пенсионер 3000 сом пенсия алса, ал күнүнө 100 сомго жашай алабы?" деген суроо берди. Социалдык фонддун өкүлү буга жооп бере алган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Анан да 30-40 жыл мээнет кылып иштеп пенсияга чыккан мугалим ж.б.пенсиялары 4000-4500 болсо, омур бою иштебеген бири келип 500-1000 сом кыстарса, соц.фонддун кызматчылары аны 4500-5000 сом менен пенсияга чыгарып коюда. Адилеттик ка
эле айтайын 35 жыл рентгенде иштеп
пенсияга чыктым азыр кошулгандагы
3900 сом алам.Мен иштеген жерден бир
санитаркабыз Бишкектен пенсияга чыгып
келди 5000мин сомго. Буга кандай тушунсо болот эми???