super.kg logo

ТЕСТ: Кыргыз милициясы жөнүндө канчалык жакшы билесиз?

 

Бүгүн, 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилеп жатышат. Жекече жана интернетте социалдык тармактарда милиция кызматкерлери куттуктоолорду кабыл алып жаткан учур. SUPER.KG порталы "кызыл шапкечендерди" кызуу куттуктап, аларга бекем ден соолук каалайт. Ал эми төмөндөгү тест, окурман, сиз үчүн. Кыргыз милициясы тууралуу канчалык билериңизди текшерип көрүңүз.










№ 1-cуроо
Ички иштер органдарынын окуу жайларында окутуучулук кызматта иштегендер, илимий даражасы барлар канча жашка чейин кызматта болууга укуктуу?
55 жашка чейин
60 жашка чейин
65 жашка чейин
№ 2-cуроо
2010-жылы апрелде бакиевдик бийликтин кайсы ички иштер министри Таласта адилеттик издеген эл тарабынан катуу сабалган?
Зарылбек Рысалиев
Абдылда Суранчиев
Молдомуса Конгантиев
№ 3-cуроо
Ички иштер органдарынын негизги милдеттери кайсылар?
Митингдерди болтурбоо, кылмышкерлердин абакта өткөрүүчү мөөнөтүн аныктоо
Кылмыштуулук менен күрөшүү, жарандардын коопсуздугун, коомдук тартипти сактоо
Депутаттардын сөзүн анализдөө, эскертүү берүү, чектен ашканына чара көрүү
№ 4-cуроо
Кыргыз милициясы кайсы жылы түзүлгөн?
1924-жылы 1-ноябрда
1922-жылы 1-ноябрда
1946-жылы 1-ноябрда
№ 5-cуроо
Милиция кызматкерлери кызматтык максаттар үчүн юридикалык жактарга жана жеке адамдарга таандык байланыш каражаттарын тоскоолдуксуз пайдалана алабы?
Пайдалана албайт, анткени ал бирөөнүн менчик буюму
Пайдалана алат
Кылмышкерлерди кармоо операциясы учурунда гана пайдалана алат
№ 6-cуроо
ИИМдин расмий маалыматы боюнча учурда милиция кызматкерлеринин орточо маянасы канча сом?
20 000 сом
7 000 сом
15 000 сом
№ 7-cуроо
Мыйзамда милиция кызматкерлеринин негизги иш убактысынын узактыгы аптасына канча сааттан ашпайт деп белгиленген?
40 сааттан
42 сааттан
48 сааттан
№ 8-cуроо
Жаныбарлардын кол салуусунан коргонуу үчүн милиция кызматкери кызматтык куралын колдоно алабы?
Колдонууга болбойт
Колдоно алат
Жолборс же арстан кол салса гана колдоно алат
№ 9-cуроо
Ички иштер органдарына кызматка биринчи жолу кирип жаткан кызматкер ант берет. Анттын текстинен үзүндүнү табыңыз.
"...жарандардын укуктарын, эркиндиктерин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын кылмыштуу жана башка мыйзамга каршы кол салуулардан өз өмүрүмдү аябастан коргоого..."
"... ак ниет, кыраакы кызматкер болууга, инсанга сый-урмат менен мамиле жасоого, мамлекеттик жана кызматтык жашыруун сырды сактоого..."
Эки вариант тең анттын текстинде бар
№ 10-cуроо
Орто башкаруучу курамдагы атайын наамдары барлар канча жашында отставкага бошотулат?
55 жашында отставкага бошотулат, 50 жашында запаска бошотулууга укуктуу
50 жашында отставкага бошотулат, 45 жашында запаска бошотулууга укуктуу
60 жашында отставкага бошотулат, 55 жашында запаска бошотулууга укуктуу
№ 11-cуроо
"Милициянын генерал-майору", "Ички кызматтын генерал-майору", "Милициянын генерал-лейтенанты", "Милициянын генерал-полковниги"... Бул кызматтык наамдар ички иштер органдарынын кайсы категориядагы кызматкерлерине берилет?
Орто башкаруучу курамдагы кызматкерлерге
Жогорку башкаруучу курамдагы кызматкерлерге
Кенже башкаруучу курамдагы кызматкерлерге
№ 12-cуроо
Ички иштер органдарында мыйзамдуулуктун сакталышын кимдер көзөмөлдөшөт?
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы жана анын орун басарлары
Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси жана анын орун басарлары
Башкы прокурор жана ага баш ийген прокурорлор
№ 13-cуроо
Милиция кызматкеринин мыйзамды бузган аскер кызматкерлерин кармоого жана аларды аскер бөлүктөрүнүн командирлерине өткөрүп берүүгө укугу барбы?
Жок
Ооба
Айрым учурларда укуктуу
№ 14-cуроо
Патрулдук милиция Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында качан иштей баштаган?
2015-жыл, 1-июнь
2016-жыл, 1-апрель
2016-жыл, 1-август
№ 15-cуроо
Башкы прокуратура "65 автоунааны мыйзам бузуу менен сатып алды" деп жакында ИИМдин кайсы башкармалыгына иш козгоду?
10-Башкы башкармалыгы
Патрулдук милиция башкы башкармалыгы
Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы
0/10
00:00
Текшер
Суроолорго жооп бериңиз!

сиздин баллыңыз
0%


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(13)
01.11.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 суроо туура эмес окшойт. Союз маалда 10- ноябрда белгилешет болчу майрамды.
01.11.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60балл
01.11.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Grand балын канча болду
01.11.2016. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dasta,
80
01.11.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бешону эле билет экем .
Начар дейтко .
01.11.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники да 60 болду
01.11.2016. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74 жакшы
01.11.2016. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орто дейт. Демек жакшы деген баа. Жакты. Каталарымды билип алдым. 74 упай
01.11.2016. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
40бал начар дейт
01.11.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
54 начар дейт
01.11.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 балл
medetbek түзөттү 2016-11-01 22:27:48
02.11.2016. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
67 балл
02.11.2016. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
74
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: