super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Айлык акы менен үй салуу мүмкүн болсо, чет жакка чыкпай иштемекпиз"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Айлык акы менен үй салуу мүмкүнбү?" деген тема кызуу талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Жолдошум мамлекеттик жумушта иштейт, айлыгы да чеке жылытарлык эмес. Дипломумду алсам, мен да мамлекеттик жумушка кирсем деп ойлоп жатам. Айлык акы менен үй сала алабызбы? Эгер болсо, канча жылда бүтүрө алабыз, ушул жөнүндө оюңуздарды билгим келет".

"Мамлекеттик иштин айлыгы аз болот, ошентсе да силердин эмне иш кылганыңардан көз каранды. Айлык акыга үй салуу өтө кыйын иш, ал ишиңерден сырткары кошумча бизнес кылышыңар керек. "Аракетке берекет" деп коёт эмеспи, иниңиз, агаңыз, жакын туугандарыңыз уста болсо, алардын жардамы менен тез эле бүтүрсө болот".

"Көпчүлүк эле адамдар айлык акыга үй салса керек деп ойлойм".

"Айлык акыга үй салыш кыйын, андан башка да бир нече акча табуучу булак табыш керек".

"Үй салыш үчүн насыя алыш керек. Алганда төлөй ала тургандай кылып көп жылга алып, айлык акыңдан төлөй берсең болот".

"Азыркы учурда айлыкка үй сала албайсың. Эгер мүмкүн болсо, анда баарыбыз чет жактарга чыкпай, диплом менен эле иштеп отурмакпыз да".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
31.10.2016. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Азыр копчулук жаштар уй салуу учун айлап-жылдап (алды 2-3 жыл, арты 10-15 жыл) чет олкодо, кобунесе Россия менен Казахстанда иштеп журушот. Кыргызстанда жарыбаган айлыкка уй салуу ото ото кыйын. Майлуу-суттуу кызматта отуруп он-солдон акча тушуп эле турбаса...
31.10.2016. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Айлыкты жебей ичпей жыйсан бир уй бир машина келет. Тилеке каршы андай эмес кундо нан,чай керек продуктага акча кетет.пайпак жыртылат штан жыртылат жаны сатып алганга акча керек. Бир жерин ооруйт тиш ич баш жамбаш доктурга барганга акча керек.светке мусорго сууга деп акча кетет. Албетте айлык жетпейт.
31.10.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен мамлекеттик жумушта иштейм айлык менен уй салганга мумкун эмес,уй салыш учун тамак жебеш керек,кийинбеш керек,туугандар менен катташпай акчаңды бир тыйын коротпой бир жыл ачка журсон жер аласын,беш жыл ачка журсон уй саласың.
31.10.2016. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айлык акы үй салганга эмес, кененирээк жеп ичкенге жетеби деген суроо жаралды менде...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: