super.kg logo

Сапат менен узак кызматты айкалыштырган Майлуу-Суу лампа заводу

 

Бүгүнкү жашоону жарыксыз элестетүү кыйын. Жарыктын жардамы менен адам баласы өзүнө керектүү нерсенин баарын көрө алат эмеспи.

“Биз жарыктыктын жыргалчылыгын тартуулайбыз!” деген ураан менен жарым кылымдык тарыхы бар Майлуу-Суу электр лампа заводу өз ишин мыкты аркалап келүүдө. Бүгүнкү күндө аталган завод лампочканын жүзгө жакын түрүн чыгарат.

Биздин лампочкалар жогорку сапат менен айырмаланып, башка өндүрүүчүлөргө салыштырмалуу алдынкы орунда турат. Заводдон чыккан продукциялар эл аралык ISO-9001-2008 стандарт системдерине толугу менен жооп берип, Кыргыз Республикасынын жана Орусиянын сертификаттарына ээ. Лампочкалардын жабдыктары толугу менен заводдун ичинде даярдалып, айрымдары башка ишканалар тарабынан да колдонулат. Ал эми иш процессинде колдонулган кагаздын калдыктарынан даарат кагаздары даярдалат.

Акыркы жылдары диоддук лампочкалар көп колдонулуп баштаганына байланыштуу ишкана тарабынан бул продукцияны өндүрүү да колго алынган. Жаңы технологияларга ылайык, кадимки лампочкалар менен диоддук лампочкалардын айырмасы чоң. Анын үстүнө диоддук лампочкалардын жардамы менен кардарлар электр жарыгын бир нече эсеге үнөмдөй алышат. Мисалы, бөлмөнүн ичин мурун жарыктандырууга 100 Вт электр энергиясы сарпталса, диоддук лампочка менен 10 Вт электр жарыгы гана сарпталат. Андан сырткары диоддук лампочкалар адамдын көзүнө терс таасирин тийгизбей турганын баса белгилеп кетпесе болбойт.

Диоддук лампалар электр жарыгын үнөмдөөчү, курамында сымап бар лампаларга салыштырмалуу кооптуулукту жаратпайт, себеби ал айлана-чөйрөгө зыянсыз жана экологияны сактоого салымы чоң. Аталган лампалар механикалык таасирлерге туруктуу, андан сырткары катуу соккуга туруштук бере алат. Ал эми эң негизги өзгөчөлүгү - ал канча убакыт иштесе да ысыбайт жана аны колдонууда өрт чыгуу коркунучу жокко эсе. Мындай өзгөчөлүк диоддук лампаларды балдар бакчасында, окуу жайларда жана суу алдында колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле үнөмдүү кардарлар үчүн жагымдуу жагдай - бул лампаларды 10 миң саат же 1 жыл бою тынымсыз колдонууга болот жана электр жарыгын 9 эсе үнөмдөй алабыз! Бул нерсе жөнөкөй лампочкага салыштырмалуу 10 эсе узак убакытка колдоносуз дегенди түшүндүрөт.

Баса белгилеп кетчү жагдай, заводдон чыккан диоддук лампалардын сапатын белгисиз кытайлык өндүрүүчүлөр чыгарган лампалар менен салыштырып болбойт. Себеби ал лампалардын кызмат кылуу мөөнөтү сыртында көрсөтүлгөн убакыттан айырмаланат жана сиз күткөн электр энергиясын үнөмдөө процесси кооз жазылган убада боюнча гана калат. Кытай өндүрүүчүлөрүнүн лампанын жарыктыгын күчөтүү максатында жасаган кадамдары анын кызмат кылуу мөөнөтүнө жана анын сапатына терс таасирин тийгизүүдө. Мындай жагдай өндүрүүчү үчүн, албетте, чоң кемчилик.

Биздин товарларды колдонуу менен сиз Кыргыз өлкөсүнүн өндүрүшүнө салым кошуп жатасыз. Бул кадам менен сиз ата мекендик электр өндүрүшүнүн өнүгүүсүн артта калтырбай, замандын талабына жооп берүүсүнө жана ишкананын ичинде жаңы технологияларды колдонууга шарт түзүп жатасыз!

Сурап билүү үчүн телефон номурлары: (03744) 52-607, 52-460, 52-500, (0312) 90-61-90-92, 90-61-73.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(13)
02.11.2016. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Мен дагы ушул заводдун жаны чыккан диодтук лампасын алам, абдан жакшы сапаттуу.кытайдыкынан караганда арзан жана коп иштейт,экоону салыштырып кармасан бат эле айырмасын байкайсын,Кайсы оригинал кайсынысы Китайский.так что тоже поддержу отечественный продукцию и качеству!
23.11.2016. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ABDISHkg87,
Кайсы базарда же магазинде сатылат?
02.11.2016. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Мен ушул заводдо иштейм кыргыздар озубуздон чыккан лампочкаларды колдонгула
02.11.2016. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nur123456,Лампарларды орустар үчүн чыгарасыңарбы сыртына орусча жазып ?
02.11.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Malik92,кыргызча эле жазылып турат оку жакшылап
02.11.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Malik92, ондурулгон товардын негизги болугу экспортко кетсе керек да Россия, Казахстан ж.б.КМШ олколоруно... Мисалы Токмоктогу Интергласс (мурунку "Айнек") ишканасы ондургон айнектердин 92-94%ти экспортко чыгарылуучу, эгег бир ишкананын ондурулгон товарынын жарымынан кобу экспортко кетуучу болсо, демек орус, англис тилдеринде жазууга уруксат берилиши керек...

Экспортко товар чыгарган ишканалар валюта курсунун туруктуулугу учун чон салым кошушат.
02.11.2016. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне үчүн болбосун Кыргызча жазышка?
02.11.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсынар! Колдойм, онугуп осо бериниздер
02.11.2016. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кВт эмес Вт админ
03.11.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anonymous, туура айтасын физиктер жоктаа супер кж де бирок билип коюуу керек.ушакты тытатко чиркин.
03.11.2016. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге озубуздо продукт ондурулуп жатса оштун кочолоруно кытайдын лампочкалары орнотулуп жатат?
25.11.2016. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Диодные лампаларды кайдан сатып алсак болот.
29.11.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asash,Бишкек ш, Белорусская кочосу 126,0777 985 137 телефонуна чалсаныз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: