super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 31-ОКТЯБРЬ: 55 жыл мурун Иосиф Сталиндин сөөгү Лениндин мавзолейинен чыгарылган

 

Иосиф Сталин 1953-жылы 5-мартта каза болгон. Анын денеси бальзамдалып, Лениндин мавзолейине коюлган. Андыктан 1953-1961-жылдары В.И.Лениндин жана И.В.Сталиндин мавзолейи болуп калган.

1961-жылы 30-октябрда “Сталин Лениндин осуятын олуттуу бузган. Ал үчүн жол башчынын жанына Сталиндин сөөгү үчүн орун жок” деген сөздөрдөн соң анын сөөгүн башка жакка коюу сунушталган. Өлкө башчылары "Сталиндин сөөгүн мавзолейден алып чыгуу эл арасында ызы-чуу жаратат" деген ойдо аны жашыруун түрдө ишке ашырышкан.

31-октябрь түнү 7-ноябрда өтүүчү парадга шылтап Кызыл аянтты жабышкан. Сталиндин сөөгү мавзолейден чыгарылып, Кремлдин дубалындагы мүрзөгө коюлган. Муну билген коомчулук ызы-чуу көтөргөн эмес. 1970-жылы Сталиндин көрүстөнүнө Николай Томский жасаган эстелик коюлган.

31-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: