"Манас" аэропортундагы жардыргыч зат тууралуу жалган маалымат берген жаран кармалды

"Манас" аэропортунда жардыргыч зат табылган жок. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жардыргыч зат тууралуу жалган маалымат берген 1986-жылы туулган Е.И. аттуу жаран кармалган. Ошол учурда ал мас абалда болгон. Аялынын учуп кетүүсүнө тоскоол болуу үчүн ушундай кадамга барган.
Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жардыруулар, адам өлүмүнө алып келүүчү башка иш-аракеттер тууралуу жалган маалымат тараткандарга 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салынат же 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Айта кетсек, Ички иштер министрлигинин нөөмөт бөлүмүнө бүгүн саат 16:15 чамасында белгисиз адамдан маалымат келип түшкөн. Анда “Манас” аэропортундагы учакта жардыргыч зат коюлганы айтылган. Окуя болгон жерге ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери барышкан.
Буга чейин бул маалыматты аталган аэропорттун басма сөз кызматы да тастыктап, адамдар сыртка чыгарылганын билдирген эле.

керек болчу. Канча кишини убара, нерв кылды
ойношу менен кетип атканына
Бирок акылы жеткен кишиге мындай кадамга барып эмне кереги бар ?
аудио программалар менен унду озгортуп
Же эн оною айфондо разговор речи деген
бар аны конечно эч ким таба албайт.
Бирок андай кылбагыла тиги келесоого
окшоп
Билсин кандай ишке барганын аялына эрегишип