super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-НОЯБРЬ: 6 жыл мурун Санжар Бакиев Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган

 

2010-жылдын 1-ноябрында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тууганы Санжар Бакиев Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2011-жылдын 1-февралында Чүй облустук соту Жалал-Абад облустук соту чыгарган өкүмдү 50 миң сом айып пул төлөө чечимине өзгөрткөн. Кийин Жогорку Соттун токтому менен 2012-жылдын 21-декабрында Чүй жана Жалал-Абад облустук соту чыгарган чечимдер өзгөртүлүп, 5 жылга эркинен ажыратылып, 75 миң сом айып пул салынган. Тергөө учурунда отурган 7 ай 6 күндүн ар бир күнү эки күнгө барабар деп эсептелинген. Ал эми жаза өтөө мөөнөтү 2010-жылдын 25-июнунан башталган.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 20 жылдыгына карата мунапыс жарыяланганы үчүн Санжар Бакиевдин абактагы мөөнөтүнүн 1 жыл 7 ай 29 күнү кыскарган. Ал эми 2013-жылы Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы Санжар Бакиев 2013-жылдын 20-мартында эркиндикке чыгарын жарыялаган.

Санжар Бакиев "2010-жылдын 13-14-май күндөрү Жалал-Абаддагы массалык баш аламандыкты уюштурган жана мыйзамсыз курал сактаган" деп айыпталган. Ал эми Жалал-Абад обладминистрациясын бошотуу учурунда каза болгон эки адамдын өлүмү боюнча акталган.

Санжар Бакиев өлкөнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин агасы Жусуп Бакиевдин уулу.

1-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: