super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-НОЯБРЬ: 1974-жылы Орусияда учак кырсыкка учурап, 38 адам каза болгон

 

Мындан 42 жыл мурун, 1-ноябрда Орусиянын Сургут шаарынын аймагында Ан-2 үлгүсүндөгү учак жана Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак сүзүшүп, 38 адам каза тапкан.

Окуя болгон түнү Ан-2 үлгүсүндөгү учак Ханты-Мансийск шаарынан Сургутка сапар тартып бараткан. Ичинде экипаждын 2 мүчөсү - В.М. Заложнев аттуу командир, Ф.Ф.Юнусов аттуу экинчи учкуч жана 12 жүргүнчү болгон. Саат 13:00 чамасында диспетчер учактын экипажына конууга көрсөтмө берип, бирок аба ырайы учактын жерге конушуна ыңгайсыздык жараткан. Ошол эле учурда Сургут аба майданында Ми-8 үлгүсүндөгү тик учак Нефтеюганск аймагына рейстен тышкары учуп чыккан. Анын ичинде 24 адам болгон. алардын экөө кичинекей бала, үчөө экипаждын мүчөлөрү болушкан. Учактар сүзүшкөн соң тик учак тоңуп калган сазга, ал эми учак токойго кулап түшкөн. Кырсык Сургут аэропортунун аймагында аба кыймылынын туура эмес башкарылышынан улам келип чыккан. Курман болгондордун 33ү жүргүнчүлөр жана бешөө экипаждын мүчөлөрү экендиги аныкталган.

1-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: