super.kg logo

Түштүк Кореядан келген дарыгерлер сүйлөшүүлөрдөн кийин бейтаптарды карап башташат

 

Чүй облустук ооруканасы Түштүк Кореядан келген дарыгерлерге орун бөлбөй жатканын тургундар SUPER.KG порталына кабарлашкан.

"Бүгүн, 1-ноябрда Кореядан келген дарыгерлер элди бекер дарылайбыз дешсе, Чүй ооруканасынан орун берилбей жатат. Алар бизден кетпей турууну суранышканына карабай Чүй облустук бейтапканасынын директору "эч кимди карабайт, алып келген дарыларын бизге калтырып кетишет" деп элди таратып жиберди", - деди тургун.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусунун координатору Элмир Асылбеков кореялык дарыгерлердин элди бекер дарылоосу боюнча туура эмес маалыматтар тарап кеткенин, учурда түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын айтты.

“Кореядан келген дарыгерлер кийин кызматташуу үчүн биздин ооруканаларды карап жүрүшөт. Андан ары меморандумга министрликтер менен кол коюп иштешебиз. Эртең келип дарыларды берип кетишет экен. Бүгүн жолугушуу болуп, ар бир бөлүмдү көрүп кетишти. Азырынча 3 дарыгер келди”, - деди Асылбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.11.2016. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул жерде да корупсиябы
01.11.2016. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалал Абадка да келишеби ыя? Билгендер болсо жазгылачы сураныч менен кубаныч.
01.11.2016. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ толук адреси кандай врачтар келген оорукананын?Жазып койунузчу сураныч!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: