super.kg logo
  Саясат  

"Ата Мекендин" депутаты КСДПдагы акаевдик-бакиевдик кадрларды санап берди

 

Парламенттин 2-ноябрдагы жыйынында "Ата Мекендин" депутаты Каныбек Иманалиев КСДПдагы акаевдик-бакиевдик кадрларды санап берди. Иманалиев КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдон эмне үчүн коалиция "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясындагы акаевдик-бакиевдик кадрлардын айынан тараганын айтканын сурады. Өмүркулов аталган фракциялардын ичинде ошондой кадрлар бар экенин айтты. Мындан кийин Иманалиев: "Сиз президенттин айланасындагы адамдарга көө сүйкөп жатасыз. Алардын төртөөсү Аскар Акаев менен иштешкендер: Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев, Аалы Карашев жана Анарбек Исмаилов. Ал эми Бакиев менен Сапар Исаков жана ошол эле Фарид Ниязов да иштешкен", - деди.

Белгилей кетсек, Фарид Ниязов учурда президенттик аппараттын башчысы, Абдил Сегизбаев УКМКнын төрагасы, Аалы Карашев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, Анарбек Исмаилов президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, Сапар Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: