super.kg logo

Жайыл районунан мыйзамсыз кийик аткан эки аңчы кармалды

 

Чүй облусунун Жайыл районунан мыйзамсыз кийик аткан эки аңчы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жүргүзүлгөн рейддин алкагында Ак-Суу капчыгайынан кармалган аңчылардын кийик атууга тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес. Алар карышкыр жана чөө атууга уруксат берилген кагаздарын көрсөтүшкөн. Атылган кийиктер үчүн протокол толтурулду. Эки кийик атылып, 110 миң сом чыгым болгон. Жапайы жаратылышка чыгым келтиргени үчүн кармалган жарандардын ишин сотко өткөрүп берүүгө даярдык көрүлүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматына ылайык, аңчылык кылып жүргөн Сокулук районунун жашоочусу 1958-жылы туулган Н.Б. аттуу тургун жана 1992-жылы туулган К.К. аттуу адам кармалган. Алардын жанынан баштыкка оролгон кийиктин жиликтенген 50 килограмм эти жана эки кийиктин башы табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.11.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таза иштеген адамдарда бар экенда или акча сураса билгенинди кылып ал дешкенби
02.11.2016. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dina1983-19,келесоо болбочу
02.11.2016. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл китепке киргизилген жана саны бир топ азайып кызыл китепке кируу астында турган жаныбарларга, анын ичинде аркар-кийик, илбирс ж.б. анчылык кылууга 30-50 жылга мораторий киргизип, анчылык кылгандарга айып пул салуу менен чектелбей 5-7 жылга абакка кесишсе. Анан да буркут, ителги ж.б.алгыр канаттууларыбызды араб ж.б.саткандарга да ушул чара колдонулуп 5-7 жылга камалышса...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: