Тоң районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды
Тоң районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 1-ноябрда саат 19:50 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев унаа жолунда болгон. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу чыгыш тарапты көздөй баратып 46 жаштагы жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Оор жаракаттардан улам жабырлануучу каза болуп калган. Кийин айдоочу Төрт-Күл айылынан кармалган, ал 1990-жылы туулган А.К. экени аныкталган. Учурда кылмыш иши козголуп, айдоочу камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Revolyutsiya

02.11.2016. 17:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми жалпысынан кырсык деп атаганыбыз менен 10 окуянын 2-3до жоо жургунчу же аба ырайы ж.б.себепчи болгону менен, 7-8де кырсык айдоочулардын айынан болот. Бирок адам омурун алган жол кырсыгынан кийин да айдоочу эч нерсе болбогондой "за рулем" жургонун коросун. Каза болгон маркумдун жакындарына акчалай жардам корсотуп, тосмо арыз жаздыртып милицияга биртке тыйын, ооз басар таштап коюп кылмыш ишин ачтырбай коет. Мыйзам иштеп куноолуулор жазасын албаса мындай жол кырсыктары арта берет.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.