super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-НОЯБРЬ: Украинадагы токойлордун биринен журналист Георгий Гонгадзенин жансыз денеси табылган

 

Мындан 16 жыл мурун, 2-ноябрда Тараща шаарындагы токойдон украиналык журналист Георгий Гонгадзенин жансыз денесин таап алышкан. Күбөлөрдүн айтымында, журналист ошол жылы 16-сентябрда саат 23:30 чамасында жумушунан чыгып кетип, үйүнө кайтып барган эмес. Ошентип, 2,5 айдан ашык убакыт өткөн соң токойдон анын башы жок жансыз денесин таап алышкан. Анын Г.Гонгадзе экенин аялы жана достору таанышкан.

Г.Гонгадзе белгилүү украиналык оппозициялык журналист катары белгилүү болгон. Ал "Украина чындыгы" интернет басылмасын негиздеп, башкы редакторлук кызматты аркалаган. 2008-жылдын декабрь айында Киев шаарында Г.Гонгадзенин урматына эстелик орнотулган.

2013-жылы 29-январда Украинанын Ички иштер министрлигинин кызматкери, генерал Алексей Пукач бул кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Журналисттин сөөгү өлүмүнөн 15 жыл өткөн соң, 2015-жылы март айында жерге берилген.

2-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: