Жамааттык коопсуздук келишим уюму Ооганстандагы апийим өндүрүшүнүн өсүшүнө тынчсызданууда
Апийим өндүрүшүнүн олуттуу өсүшү Ооганстанда байкалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, Ооганстандагы апийим өндүрүшү мурун эле көзөмөлдөн чыгып кеткен.
"Өткөн кылымдын 80-жылдарында Ооганстан дүйнөдөгү апийимдин 30 пайызын чыгарчу. Азыр бул көрсөткүч 3 эсеге өскөн. Жалгыз эле Хелманд провинциясында мыйзамсыз апийимдин жарымын өндүрөт. Эмне үчүн биз ал жактагы абалга тынчсызданып жатабыз? Себеби апийимди өндүрүү ал жакта өнөр жайлык негизде иштеп жатат. Ушул жылы Ооганстанда апийимди өстүрүү кескин жогорулады. Болжол менен өндүрүү 50 пайызга көбөйгөн, ал эми биз бизнестин бул түрү кылмыш экономикасы экенин жакшы билебиз", - дейт Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчөсү Игорь Зубов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.