super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 3-НОЯБРЬ: 4 жыл мурун "Кара-Суу" базарында даараткана урап, 4 адам каза болгон

 

2012-жылдын 3-ноябрында “Кара-Суу” базарында кыйроого учураган дааратканага 19 адам түшүп кеткен. Кырсыктан 4 адам каза болуп, 12си ооруканага жеткирилген. Көз жумгандар "Кара-Суу" базарына соода кылып келгендер болгон. Алар: Базаргүл Ураимова – 1973-жылы туулган, Ноокат районунун тургуну; Барниса Аманова – 1961-жылы туулган, Кара-Суу шаарынын тургуну; Меңдайым Паизова – 1958-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну; Абдинасир Каримов – 1995-жылы туулган, Базар-Коргон районунун тургуну.

40 орундуу бул даараткананы 2003-жылы ошол учурдагы "Кара-Суу" базарынын ээси, маркум Баяман Эркинбаев курдурганы айтылып келет. Учурдагы ээси Муса Абышев аны 2007-жылы сатып алганын айтат. Алдын ала тергөө иштери боюнча, даараткананы курууда негизги эрежелер бузулгандыгы жана тиешелүү уруксат кагаздары жок экендиги билинген. 2006-жылы Кара-Суу райондук администрациясы тарабынан бул курулуштун эксплуатациясына макулдук берүү жөнүндө чечим чыгарылган.

3-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: