Бишкекте каракчылыкка шектелип Кант шаарынын 21 жаштагы эки тургуну кармалды
Бишкекте каракчылыкка шектелип Кант шаарынын 21 жаштагы эки тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен М.Р. аттуу шаар тургуну кайрылган. Анда ал борбордогу окуу жайлардын биринин жанынан белгисиз жарандар темир менен коркутуп уюлдук телефонун тартып алышканын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Н.А. жана М.А. аттуу Кант шаарынын тургундары кармалышкан. Териштирүү иштеринин алкагында кылмышка шектүүлөрдүн ушул сыяктуу дагы 3 кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.