super.kg logo

Кара-Суу районунун билим берүү бөлүмү: "Кожокелең айылында окуучулар авариялык абалдагы мектепте окуп жатышат"

 

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кожокелең айылында окуучулар авариялык абалдагы мектепте окуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда SUPER.KG порталына Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Сүйүнбай Исаков билдирди.

"Мектеп 2015-жылдын 17-ноябрындагы катуу жер титирөөдөн улам авариялык абалга келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Курулуш департаменти, Экологиялык-техникалык инспекция кызматтары карап чыгып, "окууга мүмкүн эмес" деп тыянак чыгарышкан. Мындан улам окуучулар үйлөрдө, боз үйдө окуп келишти. Азыркы убакта жогорудагыдай шартта билим алууга болбой калды, анткени аба ырайы суук болуп кетти. Ошондуктан жергиликтүү бийлик, райондук билим берүү бөлүмү, айыл өкмөт жетекчилиги чечим кабыл алып, окуучуларды авариялык абалдагы мектепке киргизишкен. Алар анчалык коркунучтуу эмес деген чечим кабыл алышкан", - деп билдирди Исаков.

Маалыматка ылайык, кулап калуу коркунучунда турган билимканада 294 окуучу окуйт. Жаан жааган учурда дене тарбия сабагы өтүлбөйт, анткени мектептин спорттук залы жок. Бүгүнкү күндө Кара-Суу районунда 131 мектеп бар.

"Буга чейин республикалык бюджеттин эсебинен мектептин пайдубалы салынган. Азыр эми каражаттын жоктугунан курулуш токтоп турат. 2016-окуу жылында 7 мектептин курулушу бүтүп, пайдаланууга берилет", - деп кошумчалады Исаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.11.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол кыйынчылыктарды баштан откоруп суукта, анан да бугун-эртен кулайт деген мектепте окуган окуучулар менен алардын мугалимдеринин убалы бийликти уктатпасын. Кочмондор оюнуна сапырып 3-5 кундо жеп-ичкен акчага жуздой мектеп салынып бутуп кетмек экен... Ошондо айткам, той-тамашаны жыйыштырып мектеп, бала-бакча,оорукана курууга жумшайлы деп... Президент, министр-депутаттарды ушундай жерде иштоого мажбурлаганда гана башынан отуп тушунушот мугалимдер кандай шартта иштеп жатканын...
03.11.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы кресло, планшет, душевая кабина ж.б.талап кылышат кыйратып жатышкансып 120 депутат. Ачыгын айтканда ошол 120 депутатка караганда 120 мугалим Мекен учун, эл учун кобуроок эмгек синируудо.

Эгер эртен кокустук болуп окуучулар же мугалимдерден жабыркоочулар болсо бугунку бийликтегилер баары, президент, Окмот, 120 депутат жооп берууго тийиш, мектептин акчасын жеп алып адам омурун тобокелге салып ойногон... Айтпады дебегиле!!!!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: