super.kg logo

"Кыргыз почтасы" ишканасынын айылдык бөлүмдөрү инкассатордук унааларга ээ болушту

 

"Кыргыз почтасы" ишканасынын айылдык бөлүмдөрү 20 инкассатордук унаага ээ болушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдирди.

"Унаалар "Каржылык кызматтарын "Кыргыз почтасы" ишканасы аркылуу жайылтуу" долбоорунун негизинде сатылып алынды. Долбоорго Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан 200 миң доллар бөлүнгөн. Ошондой эле почта кызматтарынын 400 айылдык бөлүмүнүн каржылык менеджменти жана каржылык кызматтары жаңыланат. Ошону менен бүгүнкү күндө жаңы банктык кызматтар аймактарда да пайда болот", - деп айтылат маалыматта.

"Муну менен айыл тургундары да шаардыктардай эле акча каражаттарын тез которуп, коммуналдык төлөмдөрүн, салыктарын төлөп, депозитке каражат сала алышат", - деди вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эгемендүүлүктү алгандан бери "Кыргыз почтасына" алгачкы жолу унаалар сатылып алынды. Лада 2114 үлгүсүндөгү унаалар GPS навигатор, видеорегистратор жана акча каражатын ташуу үчүн атайын темир кутучалары менен камсыздалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
03.11.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой да молодцы 20 машина деле жакшы почтага кам коргонунор жакшы жоролго:-):-):-)
03.11.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супердин админдери мен эмне учун билдируу жаза албайм? Купуяны да ача албаймго? Кыймылы жок дегенинер эмеси кантип кыймылдатам? Жооп бергиле!!!!
03.11.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Почта башчы күнүн көрөт.
03.11.2016. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы саамалык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: