super.kg logo

Дастан Сарыгуловдун иниси: "Убактылуу кармоочу жайдагы агама эч кимди киргизбей жатышат"

 

Бүгүн, 3-ноябрда борбор калаада “бийликти күч менен басып алууга аракет кылган”, “бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдык көргөн", "мамлекетке чыккынчылык кылган" деп айыпталып камалган Бектур Асанов, Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Кубанычбек Кадыров, Мелис Аспековдун туугандары жана оппозиция өкүлдөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдына митингге чыгышты. Алар камалган оппозиция өкүлдөрүн боштондукка чыгаруу талабын коюшту.

"Акцияга тоскоолдуктар болуп жатат. Кечээ ИИМдин 10-бөлүмүнүн тергөө кызматкери телефон чалып, "башка күнгө калтыргыла" деп, акцияны болтурбаганга аракет кылды. Кыргыз жеринин кайсы бурчунда болбосун тынч акция уюштурууга конституциялык укугубуз бар. Эмнеге биз УКМКнын алдында уюштуруп жатабыз? Себеби саясий туткундар УКМКнын жер төлөсүндө мыйзамсыз жатышат. Аларды "бийликти алууга, төңкөрүш кылганга аракет кылды" деген туура эмес. Азыркы саясий куугунтукту жеп жаткандар Атамбаевдин оппоненттери болушкан. Баары тең оппозициялык топторду түзүп, ошол аркылуу абдан курч пикирлерин билдиришкен. Бул үчүн камабаш керек деген позицияда турабыз. Бийлик сөз үчүн гана камап жатат, эч кандай далили жок, чындыгында”, - дейт Сөз эркиндигин коргоо комитетинин жетекчиси Адил Турдукулов.

“Агам үчүн ушул жакка келип жатам. Агама коюлган күнөөгө негиз жок, мыйзамсыз. Башында төрт берене боюнча айыпталган, кийин үчөөнү алып салды уялып. "Төңкөрүш жасоого аракет кылды" деп бир беренени калтырган. 1-марттан баштап үй камагында болду, 13-июндан баштап убактылуу кармоочу жайда отурат. Ден соолугу начар, эч кимди киргизбей жатышат. Бул биздин бийликтин деңгээлин көрсөтүп жатат”, - дейт Дастан Сарыгуловдун бир тууган иниси Султан Сарыгулов.

Жаз айларынан тарта азыр түрмөдөгү оппозициячыл саясатчылардын сүйлөшүүлөрү маалымат каражаттарына тараган. Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов 23-мартта Аксыда Үңкүр-Тоого байланыштуу митингге баргандан кийин камалышкан. 25-мартта энергетика тармагынын адиси Эрнест Карыбеков кармалса, андан кийин 13-июнда Дастан Сарыгулов үй камагынан убактылуу кармоочу жайга камалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
03.11.2016. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сооп камалгандарга, эл чыккан жок, эл аларды мыйзам алдында жооп берсе деп жатат, а бул чыккандар жакын туугандары гана, иштин баарын баштап жатканда бул коркоолорду тыйыш керек болучу, булар туштон кийин чыкпай алдын ала токтотсо болмок, эгер камалгандардын планы ишке ашса булар журмок да, бийликтин бир бутагын ээлеп, киши карабай коздорун май басып, булар баарын билген, камалгандарга да жардам берген тополон уюштурууга, эч кимиси тыйган эмес, эми мункуроп репрессия деп калышкан тура, эл бар..
04.11.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимиси ак экен айткылачы ким? Ошол эле Сарыгулов Кумтор маселесинде көп катачылык кетирип алчусун алып улушубуз азайып кеткенине ушул адам күнөөлүү! Баарын камаш керек, ! Жөн адам кармалбайт, ушу тууган-туушкан болушуп, кыргыз элимдин башын айлантпагылачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: