Алмазбек Атамбаев "Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү жөнүндө" мыйзамга кол койду
Президент Алмазбек Атамбаев "Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 3-ноябрда президенттик аппараттан билдиришти.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2-ноябрда кабыл алган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Ага ылайык, 2016-жылдын 11-декабрында өлкөдө референдум өтөт. Жалпы элдик добуш берүүгө "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору коюлат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
-1

