super.kg logo
  Саясат  

Жаңы коалиция - "Бир бол", КСДП жана "Кыргызстан"

 

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция КСДП (38 депутат), "Бир бол" (12 депутат) жана "Кыргызстан" (18 депутат) фракцияларынан түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда КСДПнын лидери Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, премьер-министр кызматына Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги сунушталды.

Ошентип, башкаруучу коалиция 68 депутаттан турат. Бул коалициянын төрагалыгына Иса Өмүркулов шайланды. Ал эми парламенттик оппозицияга "Ата Мекен" (11 депутат), "Өнүгүү-Прогресс" (13) жана "Республика-Ата Журт" (28) кирет.

Эскерте кетсек, 24-октябрда парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн КСДП чыкканы белгилүү болгон. Коалиция КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракцияларынан, ал эми парламенттик оппозиция "Республика-Ата Журт" менен "Бир болдон" турган. Альянска кирген КСДП менен "Кыргызстан" Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдошкон, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" бул демилгеге каршы чыгышкан.

Коалицияны түзүүгө мандатты президенттен алган КСДПнын лидери Иса Өмүркулов сүйлөшүүлөрдү "Бир бол" жана "Кыргызстан" фракцияларынын лидерлери менен баштаган. Ал эми РАЖдын лидери Өмүрбек Бабанов менен эки күндөн кийин гана жолугушкан. "Республика-Ата Журттун" лидери Ө.Бабанов фракциясынын коалицияга кирүүсүнө эки-үч маселе тоскоол болуп жатканын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: