super.kg logo

Кара-Суу районунда 20га жакын айылдын эли таза сууга муктаж

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда 20га жакын айылдын эли таза сууга муктаж. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда SUPER.KG порталына Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

"Кара-Суу районунда 134 айыл болсо, анын ичинен баары таза суу менен камсыздала элек. Соңку убактарда жаңы конуштардын пайда болушу менен таза суу көйгөйү жаралууда. Бул маселени чечүүдө аракеттер көрүлүп жатат. 2015-жылы 11 миллион сом таза суу менен камсыздоого багытталып, 27 чакырымга суу түтүгү тартылган", - деп билдирди администрациядан.

Бир канча убакыттан бери таза сууга муктаж айылдардын катарын Мады айыл өкмөтүнүн Чалмырза айылы да толуктайт. Аталган айылда 240 кожолук эл жашайт. Айыл элин таза суу менен камсыздоо аракети жүзөгө ашпай келет.

Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Жамшит Матанбаевге байланышканыбызда Чалмырза айылын таза суу менен камсыздоо максатында айыл өкмөттөн 850 миң сом каражат бөлүнгөнүн айтты.

"Суу чыгаруу үчүн атайын тендер өткөрүлүп, жергиликтүү компаниялардын бири утуп алган. Аталган компания айылга суу жеткирүүдө мүчүлүштүктөрдү кетирип, толук кандуу суу келбей жатат. Суунун агымы аз болууда. Түзүлгөн комиссия суу түтүктөрүн кабыл ала элек, анткени жумуш 8 пайызга гана бүткөн. Ошол эле учурда курулуш сапатсыз", - деп билдирди.

Маалыматка ылайык, Чалмырза айылында айыл элине маал-маалы менен суу берилет. Калкты суу менен камсыздоо ишин аткарган компания 2 чакырым 400 метр аралыкка суу түтүгүн тартып келген.

"Айыл өкмөтү сапатсыз курулган суу түтүктөрүн жөнгө салып, талапка ылайык курууга шарт койдук. Эл сабыр кылып турушу керек. Жакынкы аралыкта элге суу берилет", - деп кошумчалады Матанбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.11.2016. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Медресе( фуркат ) айылында деле суу жок .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: