super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-НОЯБРЬ: Америкалык актёр, сценарист, режиссёр жана продюсер Мэттью Макконахи 47 жашка чыкты

 
Белгилүү "Титаник" тасмасындагы башкы каарман Жек Доусондун ролун ойномок.
Үй-бүлөсү менен
Аялы Леви Алвес менен

Мындан 47 жыл мурун, 1969-жылы 4-ноябрда америкалык актёр, сценарист, режиссёр жана продюсер Мэттью Макконахи АКШнын Техас штатындагы Ювалде шаарында туулган.

Ал алгач өзүн комедиялык актёр катары көрсөтө алса, кийин олуттуу ролдорго өткөн. Мэттью Макконахи "Адвокат үчүн Линкольн", "Мад", "Киши өлтүргүч Жо", "Супер Майк", "Интерстеллар" тасмаларындагы ролдору үчүн жакшы пикирлерге татыса, "Сатып алуучулардын Даллас клубу" драмасындагы ролу үчүн "Алтын глобус", "Оскар" сыйлыктарына ээ болгон.

Кызыктуу фактылар:

  • Ата-энеси 2 жолу ажырашып, 3 жолу үйлөнүшкөн.
  • Белгилүү "Титаник" тасмасындагы башкы каарман Жек Доусондун ролун ойномок, бирок баарына белгилүү болгондой, роль Леонардо Ди Каприого тийген.
  • Сүйлөшкөн кызы анын уулун төрөп жатканда жанында туруп бразилиялыктардын музыкасын ойноп турган.
  • Алгач Мэттью Макконахи юрист болууну самаган.

4-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: