Борбор калаада уурулукка шектелип эки жаран кармалды
Борбор калаада уурулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 38 жаштагы Д.М. кайрылган. Анда ал 2-ноябрдан 3-ноябрга караган түнү көп кабаттуу үйдүн кампасынан белгисиз адамдар 7,5 миң сомдук жана 5 миң сомдук эки велосипедин уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 27 жаштагы И.Н. жана Бишкек шаарынын 36 жаштагы Г.К. аттуу тургундары кармалган. Учурда алар Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Almaz92erkinbekov

05.11.2016. 13:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урууларды жазалаш керек. уурдадыбы оз мойну менен тартсын. рас кармалыптыр
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.