Борбор калаада алдамчылыкка шектелген шаар тургуну кармалды
Борбор калаада алдамчылыкка шектелген шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ милицияга арыз менен Чүй облусунун 19 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жаран анын ишенимине кирип, Чүй-Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан интернет-клубдан уюлдук телефонун алып кеткенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 27 жаштагы С.К. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.