super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-НОЯБРЬ: 1995-жылы Израилдин премьер-министри Ицхак Рабин еврей экстремисттери тарабынан өлтүрүлгөн

 
Израилдин премьер-министри Ицхак Рабин Тель-Авив шаарында еврей экстремисттери тарабынан 73 жашында өлтүрүлгөн.
1995-жылы 4-ноябрда Израилдин Падышалар аянтында өткөн миңдеген адамдар катышкан митингде И.Рабин сөз сүйлөп, унаасынын жанына келген учурда ага үч жолу ок атылган. Окуядан 40 мүнөт өткөндө ал Ихилов ооруканасында каза болгон. Аны И.Рабиндин саясатына нааразы болгон диний жана саясий экстремист Игаль Амир өлтүргөндүгү аныкталган. Кылмышкер бул аракетин Израилди Ослодогу макулдашуулардан коргогондугу менен түшүндүргөн. 1996-жылы 27-мартта сот Игаль Амирди өмүр бою эркинен ажыраткан.
И.Рабиндин сөөгү Иерусалимдеги Герцля тоосунда жерге берилген. Аны акыркы сапарга узатууга АКШнын ошол учурдагы президенти Билл Клинтон, Египеттин президенти Хосни Мубарак, Иорданиянын падышасы Хусейн баштаган бир нече мамлекет башчылары келишкен. Уулу Юваль Рабин атасынын өлмүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айткан 1000ден ашык кат алган.
И.Рабин 1922-жылы 1-мартта Иерусалимде туулган. 1940-жылы “Кадури” деп аталган айыл чарба мектебин аяктаган. 1941-жылы аскердик кызматын өтөп, 4 жылдан соң биринчи батальондун командиринин орун басары болуп дайындалган. 1956-жылы ал генерал-майор чинин алган. 1959-жылы Башкы штабдын башчысынын орун басары кызматына отуруп, 1964-жылы башчылыкка келген. 1967-жылы Израилдин армиясы И.Рабиндин башчылыгында Египет, Сирия, Иорданиянын Куралдуу күчтөрүнүн алдында болгон 6 күндүк согушта жеңишке жетишкен. 1968-жылы И.Рабин аскердик карьерасын токтотуп, 5 жыл Израилдин АКШдагы элчиси болуп иштеген. 1973-жылы мекенине кайтып келип, "Авода" партиясынын мүчөсү аталган. Бир жылдан соң ал эмгек министринин ордуна келип, ал эми 1974-жылы Израилдин премьер-министрлик кызматына отурган. 1984-жылы И.Рабин Израилдин коргоо министри болуп кызматка орношуп, 4 жыл иштеген.
4-ноябрга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.11.2016. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызстан качан онолот экен качан качан качан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: