super.kg logo

Төө-Ашуудагы жол кырсыгынын келип чыгышына оор жүк ташуучу унаанын тормозунун кармабай калышы себеп болгон

 

Төө-Ашуудагы жол кырсыгынын келип чыгышына оор жүк ташуучу унаанын тормозунун кармабай калышы себеп болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМнын маалыматына караганда, саат 21:15 чамасында Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннелдин ичинде оор жүк ташуучу унаанын тормозу кармабай 3 жеңил унаа (БМВ, Хонда-Степ жана Субару) менен сүзүшкөн. БМВ унаасында 5 адам болгон, анын төртөө каза болуп, бирөөсү жабыркаган. Хонда-Степ унаасында 8 адам болгон, анын ичинен 6 адам жабыркап, 2 адам жабыркаган эмес. Ошондой эле Субарудагы 2 адамдын эч кимиси жабыркаган эмес. Чоң жүк ташуучу унаанын ичиндеги 2 жүргүнчү жеңил жаракат алышкан. Учурда унаа жолго коюлган убактылуу чектөө алынып, унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
05.11.2016. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудайым өзүң сакта.БМВ катуу урулган окшойт.Аман эле бололучу туугандар.
05.11.2016. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен саат 22:00 чамасында ошол жерден өттүм. BMW машинасын көрсөң таанылгыс болуп калган. АЛЛАХ ар пенденин жолун ачык кылсын!
05.11.2016. 06:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эхх...Кечээ мен бул кырсыктын кесепетин өз көзүм менен көрдүм.Байкуш айдоочу бала тим эле буркурап боздоп ыйлап жатат.Аллахым бөөдө кырсыктан алыс кылсын.Каза болгондордун арасында жаңы үйлөнгөн жаш жубайлар бар окшойт.Сүрөттөрүн жолдун четине коюп коюшуптур.1 унаадан 6 жашар бала аман чыкты дешти.А дейбиз,бу дейбиз,ажал келсе баарыбыз кетебиз аркы тарапка.Ар бирибизге ар кандай өлүм себебин жазып койгон чыгар.Ошондуктан 5 мүнөттөн соң эмне болоорубузду билбейбиз.Достор,бул жалгандын жалган кызы
05.11.2016. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ош Бишкек жолу канча адамдын омурун алды. Байкуш эл самалёт мн учайын десе уч торт эсе кымбат.Москвага беш алты мин мн учсан, 45минуталык Бишкеке уч мин мн учасын.
05.11.2016. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aselushka, туура, бааларды карап койсо жаман болбойт эле, 1500-2500 мин болсо жакшы болмок...
05.11.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsiya, 1,5-2,5 мин же 1500-2500 сом деп жазайын деген элем
05.11.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жолдун кесепетинен олум житимге да катташуу кооптуу болуп калды...
05.11.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым озун сакта боодо кырсыктан.
05.11.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен тиги жук ташуучу машина айдоочусун куноолоймун. Машина бул техника, кээде ушундай жаман сюрприздери болуусу мумкун. Бирок жук ташуучу машине катуу ылдамдыкта айдалганы корунуп турат. Эгер уруксат берилген ылдамдыкта айдаганда кырсыктан жабыркагандар аз болмок. Экинчиден тормоз иштебей калса машинени элге каршы салбай дубалга карап салышы керек эле. Сурулуп барып акыры токтойт эле. Айтор жараат алгандардын жарааты ото олуттуу экен, каза болгону канча.
05.11.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер бийликтин башы иштегенде алтернативдуу 2-Ош-Бишкек жолунун ордуна Жалал-Абад-Балыкчы шаарларын бириктирген темир жол курулганда тундук-туштук Темир жол менен туташып бут оор жуктор поезд менен ташылып калат эле. Поезд менен ташыган арзан да тушот эле (бир поезд 100 фуранын жугун тартып барат), экологияга зыяны аз болмок. Автожолдор да бузулмак эмес оор жук ташуучу машиналардын кесепетинен. Кырсыктар да азаймак. Ошону тушунбогон бийликке да баракелде!!!
05.11.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туннелге кирип баратканда бир техниканы контроль ойлоп табышса жакшы болмок.Техника дегеним женил унаа эмес, ушуга окшогон оор жук ташуучу техникаларды контролдон откозуп,анан тунелге кирсе кандай болмок.Ушуга окшогон оор техникалардан кобунчо каза болуп жатат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: