super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-НОЯБРЬ: Акын, драматург Мидин Алыбаев тирүү болгондо 99 жашка толмок

 

1917-жылы 7-ноябрда акын, драматург, котормочу Мидин Алыбаев Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган. Фрунзе педагогикалык техникумун бүтүргөн. Бир жыл комсомол кызматкерлеринин мектебинде окуган. Анын чыгармачылыгы 1934-жылдан тарта башталган. "Бактылуу жаштык" деген биринчи ырлар жыйнагы 1937-жылы жарык көргөн. Кийин "Ак чүч", "Мидин" деген сатиралык ырлар жыйнагы чыккан. Ал "Курорттогу окуя", "Жантектин керээзи", "Зоотехник Буйлаков" жана башка пьесалардын автору. Александр Пушкин, Михаил Лермонтов, Владимир Маяковскийдин ырларын кыргыз тилине которгон. Орус тилинде анын эки ырлар жыйнагы чыккан.

Туугандары жана тааныштарынын айтымында, 1959-жылы 6-декабрда акын конокторун күтүп жаткан. Бир убакта "коноктор келгенге чейин басып келейин" деп үйдөн чыгып кетип ошол бойдон кайтып келген эмес. Кийинчерээк акынды башынан жаракат алып, оор абалда көчөдө жаткан жеринен табышкан. 42 жашында ооруканадан каза болгон.

Назарыңыздарга акындын белгилүү "Кыз жана гүл" чыгармасын сунуштайбыз.

"Кызды көрдүм кыпкызыл гүл кармаган,
Өзү жалгыз, жигити жок жандаган.
Гүлү да гүл, өзү да гүл буруксуйт,
Биле албадым гүлүн кимге арнаган?

Жыттап коёт, эки жагын каранат,
Жапжай басат аллеяны аралап.
Карындаштын колундагы кызыл гүл
Кимге буйруп, болсо керек аманат…

Кыз алдынан чыга келген бир жигит,
Токтой калды кызыкканын билдирип.
- Гүл жыттатчы, - деди жигит, шар айтты,
Кыйын иш го жаш кездеги жиндилик?!

- Койгун, жигит, колтуктаба, жанашпа!
Койгун, жигит, колдон гүлдү талашпа!
Орой мүнөз, одоно өскөн окшойсуң,
Оозум барбайт сени теңтуш санашка!

Да бир жигит жолдон чыкты күлмүңдөп,
"Өзү сонун, өңү сонун бул ким?" деп.
Шар айта албай көзүн тикти гүлүнө,
Уяң жигит сүйгөндүгүн билдирмек.

Кыйгач басты, кыз көңүлүн салбады,
Мурдун чүйрүп, муну теңге албады.
"Бирөө орой, бирөө жеткен уяң" деп,
Оолак басты, оңдоп гүлүн кармады.

Кеч киргенде бирөө чыкты жолунан,
Бирок гүлдү сураган жок колунан.
Айла кетип кыз өзү гүл сунганда:
- Албайм, - деди, - гүлүң эчак солуган…"

7-ноябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.11.2016. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мидин Мидин деп турат Мидин ... кармап турат ... сураган [moderated]га мее ..... деп турат
07.11.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мунун ещё уят чыгармалары да барго
07.11.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur1k,жагат мага кучтуу акын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: