Ала-Бука районунда катталган катуу шамалдан улам келтирилген чыгымдар эсептелинүүдө






Ала-Бука районунда катталган катуу шамалдан улам келтирилген чыгымдар эсептелинүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"4-ноябрга караган түнү саат 03:00-04:00гө чейин Ала-Бука районунда ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге чейин жеткен шамал катталган. Катуу шамалдын кесепетинен Көк-Таш айыл аймагында, Өрүктү айылында 17 турак жайдын 775 даана шифери, айылдык мечиттин 110 даана шифери жана Ак-Башат айылынын Кең-Колот, Сары-Булак, Бүркүт-Уя аймактарындагы 11 турак жайдын 279 даана шифери сынып, учуп кеткен", - деп айтылат маалыматта.
ӨКМнын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Ала-Бука району боюнча 27 турак жайга 1054 даана шифер, Чоң-Сай айылдык мечитине 110 даана шифер жеткирилип берилген. Жарандык коргонуу комиссиясы учурда келтирилген жалпы материалдык чыгымдарды тактоо иштерин улантууда.

Ой кетет да, башка динге отуп кетти деген аялдын соогун кыйнаган учун болбоду бекен деген.