super.kg logo

Бүгүн Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишин кароону улантат

 

Бүгүн, 8-ноябрда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишин кароону улантат. Буга чейинки отурумдарда айыпталуучу менен бирге соттолгон адамдар көрсөтмө беришип, алардын бири Мухаммедзакир Кочкаров милиция кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын, мындан улам Аскаровго каршы көрсөтмө бергенин билдирген. Ошондой эле окуянын дагы бир күбөсү суракка алынып, бирок ага өзбек тилинен котормочу керек болгондуктан, ишти кароо 8-ноябрга жылган болчу.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: