super.kg logo

Азимжан Аскаровдун сотунда жактоочу тарап менен айыптоочу тарап кайым айтышты

 

Бүгүн, 8-ноябрда Чүй облустук сотунда Азимжан Аскаровдун ишин кароо уланды. Анда кошумча күбө катары жалпы 6 адам суралып, алардын баары Аскаровдун күнөөсү жок экенин айтышты. Андан соң жактоочу тарап сотко бир катар өтүнүчтөрдү келтирди. Айыпталуучунун коомдук жактоочусу Төлөйкан Исмаилова күбөлөрдү кыйноого алган факт боюнча ишти Башкы прокуратурага жөнөтүп, юридикалык баа берүү өтүнүчүн келтирди. Буга соттук коллегия тиешелүү материалдарды карап чыгуу керектигин айтып, өтүнүчтү ачык калтырды. Ошондой эле жактоочу тарап тергөөчү Жоробековду, эксперт Маматовду, Кубатбек Байболовду, Азимбек Бекназаровду жана Азиза Абдирасулованы дагы суракка алуу өтүнүчүн келтирди. Буга айыптоочу тарап “Ишти жөн эле созо бересиңерби?” деп каршы чыкты. Натыйжада эки тараптын ортосунда кайым айтышуу орун алды. Ал эми сот бул өтүнүчтү жарым-жартылай канааттандырып, ишти 15-ноябрга жылдырды.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
08.11.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Толойкан Исмаилова ХХХ ХХХ Айыпталуучу жазасын алсын.Сот тура чечим чыгарат деген умуттобуз
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-11-08 15:42:43
08.11.2016. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
meni_kut,этика нормаларын сактап, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болуӊуз. Оозеки эскертүү!
08.11.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Камаш керек соттор не болгонсуңар бироо жарым коркутуп жатабы же урук тукумуңарга жететурган акча сунуштап жатабы. Ким кай жерде ким болушуна карабай акыйкатуу болушу керек кудай коруп билип турат эртен жооп беретурган кундор бар. Сотторго адилеттуу болууга чакырат элем.
08.11.2016. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алты жылдан бери путпогон ушу сот иштерине айранмын Аскаровтун кунолу экенин бары билет акча ойноп жатат ушунтип бир кун акталып чыгып кетсе тан калбайм бирок ошону чыгарган сотко наалат айтар элем.
08.11.2016. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Соттор ушул жерде акыйкаттык кылып таза чечпесенер ишти кийин кеч болот миллион доллар берсе алданып калбагыла кийин жаман болот силердин милдетинер ото катаал
08.11.2016. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушу Толойкан Исмаилова дегенге акча эле керек окшойт. Кыргыздын намысын сатып, ыразза бирдемелерди айтайын дейм пайда жок. Буга акчасын жакшы толоп берсе ата энесин,бир туугандарын да аябайт.
08.11.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куноолуу адам жазасын алсын!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: