super.kg logo

Күчтүү өлкө билим менен курулат

 

Өткөн кылымдын ортосунда экономикасы кыйраган Япония учурда өнүккөн өлкө. Ийгиликке кыска убакыт ичинде кантип жетишкен? Баары бүттү деген кыйын кезеңде бийлик мамлекеттин эсебинен жаштарды массалык түрдө чет өлкөлөргө окууга жөнөтүп, алган адистиги боюнча тажрыйба топтоого шарт түзгөн. Жыйынтыгы - дүйнө эли суктанган бүгүнкү Япония...

Билимсиз, тажрыйбасыз адам жашоосунда жол таба албас. Жаштардын көбү короосундагы акыркы малын сатса да бир кесиптин ээси болууга тырышат. Акылы Айга жеткен, бирок чөнтөгү жыртык балдар-кыздар да арбын. Алар кайда барышат? Жакшы жумуш табайын десе билим жок. Албетте, жумушсуздар армиясынын катарын толуктап, айылдагы өп-чап күнүмдүк турмушу менен же бакыт издеп чет жакка кетишет... Алардын баарын окутуп, иш менен камсыздоого учурда өкмөтүбүздүн чама-чаркы чак келбейт.

Ошентсе да айрым компаниялар зирек өспүрүмдөрдү мектеп партасынан байкап, окутуп-өстүрүп алышат. Кыргызстан жаштарынын келечегине кам көрүүдө каражат аябагандардын көрүнүктүүсү “Кумтөр”. Өлкөнүн эң ири иш орун менен камсыздоочу менчик ишканасы 2015-жыл боюнча отчётунда 11 мектеп бүтүрүүчүнүн бекер билим алуусуна шарт түзгөнүн билдирет. Билимдүү жаштардын билимине инвестициялоону компания 2000-жылы “Аймактык стипендия” программасын түптөө менен баштаган. Анын алкагында жыл сайын көл кылаасындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө сынак жарыяланат. Жолдомону уткан жеңүүчүлөр Бишкектеги автомеханиктерди даярдоочу №27-лицей менен кондитер, наабайчы кесибине окуткан №91-лицейден бекер билим алышат. Алардын үч жылдык окуусуна, жатаканасына жана тамак-ашына кеткен чыгымы кен ишканасынын эсебинен каржыланат. Ушул тапта “Кумтөрдүн” канаты алдында жалпы 32 студент болсо, программа аркылуу билим алгандардын саны жүздөн ашкан.

Жаштары билимдүү өлкөнүн келечеги кең экенин жакшы түшүнгөн канадалык компания мындан сырткары ысык-көлдүк жаш ишкерлердин идеяларына гранттарды бөлүп, аларга бизнес-тренингдерди уюштуруп келет. Отчётто маалымдалгандай, былтыр жалпы байге фонду 150 миң долларды түзгөн “Жаштар ишкерчилиги” сынагы өткөрүлгөн. Анда жеңүүчү аталган 19 мыкты идея ээлери байге фонддогу каражатты ич ара бөлүшүп, бизнестерин башташкан. Учурда алардын баары ийгиликтүү иштеп, ар бири эң аз дегенде тең жаңы жумуш орундарын түзүүгө жетишти.

Жаштардан сырткары айыл чарбадагы жаңы ыкмаларга жана бизнес жүргүзүү боюнча жүздөгөн адамдар “Карагат+” долбоорунун алкагында окутулганын кыстыра кетсек.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: