super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 8-НОЯБРЬ: 1935-жылы француз актёру Ален Делон туулган

 
Ален Делон Розали Ван Бремен менен
Ален Делон биринчи жубайы актриса жана режиссёр Натали Делон менен
Ален Делон актриса Мирей Дарк менен
Ален Делон менен Натали Делондун уулу Энтони Делон

Француз актёру, режиссёр, продюсер жана сценарист Ален Делон 1935-жылы 8-ноябрда Франциянын Париж шаарында туулган. Актёр 4 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кеткен. Аскердик кызматын өтөп келген соң, 1956-жылы Парижге кайтып келип, жумуш издейт. Парижде А.Делон актёрдук курстарда окуп, театрда ойнойт. Ошол мезгилден тарта актёрго Голливуддан киного тартуу сунуштары түшө баштайт.

Ален Делон 1957-жылы "Аял кийлигишкенде" ("Когда вмешивается женщина") тасмасында роль жаратып, актёрлук карьерасын баштаган. Актёрго "Ачык күндө" ("На ярком солнце", 1960), "Рокко жана анын бир туугандары" ("Рокко и его братья", 1961), "Леопард" (1963) кинолорундагы ролдору атактуулук алып келген. "Леопард" тасмасындагы ролу үчүн А.Делон "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлсө, "Биздин тарых" ("Наша история") фильминдеги ролу үчүн "Сезар" сыйлыгына ээ болгон.

Ален Делон 1964-жылы 13-августта 28 жашында 23 жаштагы белгилүү режиссёр жана актриса Франсин Канова менен баш кошкон. Франсин Канова кино дүйнөсүндө Натали Делон деген ат менен белгилүү. Алардын 1964-жылы 30-сентябрда төрөлгөн уулу Энтони Делон дагы актёрдук кесипти тандап алган. 1968-жылы 25-августта А.Делон жана Н.Делон ажырашып кетишкен.

Ал эми актриса Мирей Дарк менен Ален Делон 15 жыл бирге жашаган. Мирей Дарк жол кырсыгына кабылат. Бул учурда актёр чыгармачылыгын таштап, М.Дарк сакайып кеткенге чейин анын жанында болгон. Актриса жакшы болгон соң А.Делон аны таштап кеткен.

1987-жылы А.Делон Розали Ван Бремен аттуу голландиялык манекенчи менен таанышып, экөө жарандык никеде жашаган. 2002-жылы Ален жана Розалинин ортосундагы сүйүү мамилеси токтогон. Бүгүнкү күндө актёр бойдок.

8-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.11.2016. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу актёр артисттердин жашоо кандай жашоо ажырашып эле журо берет экенда
09.11.2016. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
batkendik.18,булардыкы тоок суйудон да томон болот.ырчыны катыным дебе шопурду куйоом дебе дегендей
chon.alai. түзөттү 2016-11-09 02:09:24
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: