super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 9-НОЯБРЬ: “Мыкты жигиттер” тасмасында Гым Чан Динин ролун аткарган актриса Ку Хе Сон 32 жашка толду

 
Ку Хе Сон бала чагында жана бойго жеткенде
Актриса "Мыкты жигиттер" тасмасындагы актёрлор менен
Жолдошу Ан Чжэ Хён менен

Түштүк кореялык "Мыкты жигиттер" сериалында Гым Чан Динин ролун аткарган актриса Ку Хе Сон 1984-жылы 9-ноябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында төрөлгөн. Актриса Сеул искусство институтунун радио жана телекөрсөтүү бөлүмүн бүтүргөн. Хе Сон 2004-жылы “Анаграмма” аттуу коркунучтуу фильмге тартылат. Ал эми 2009-жылы тартылган “Мыкты жигиттер” тасмасы ага атак алып келген. Андан сырткары Ку Хе Сон “Падыша жана мен”, “Со Дон”, "Нон-стоп 5" тасмаларында роль жараткан.

2009-жылдын 1-апрелинде анын “Танго” аттуу китеби жарык көрүп, жаш жазуучунун бул биринчи романы 30 миң нускада басылып чыккан. Андан сырткары Хе Сон “Шайыр официант” аттуу кыска метраждуу тасма тартып, ал тасмага өзү режиссёр, сценарист, композитор болгонго жетишкен. Хе Сондун бул тасмасы Азия кинофестивалында көрсөтүлүп, “Элдин сүйүктүү тасмасы” сыйлыгын жеңип алган. Актрисанын дагы бир таланты – сүрөтчүлүк. Ал 2009-жылдын 1-июлунда Сеулда “Танго” деген аталыштагы сүрөт көргөзмөсүн элге тартуулаган. Ку Хе Сон күйөрмандарына 30 жашында турмушка чыга тургандыгын айтып, сөз берген. 2015-жылы актёр Ан Чжэ Хён менен сүйүү мамилесинде болуп, 2016-жылы экөөнүн үйлөнүү тою өткөн.

9-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: