Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин депутат Канат Исаевдин эски иши кайра жанданды
Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш ишин тергөө кайра жанданды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмыш иши 2008-2010-жылдар аралыгындагы коррупция жана кызмат абалынан пайдалануу фактысы боюнча козголгон.
“Атайын топ өндүрүштө турган жана негизсиз токтотулган кылмыш иштерин текшерүүгө алган. Анын жыйынтыгында Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш ишин тергөө негизсиз токтотулганы аныкталган. Учурда тергөө иштери кайра жанданды”, - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Айта кетсек, 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев аркалап турган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

элдин келечегин, Кыргыз Мамлекетинин келечегин, жаш муундардын келечегин ойлобогондор, оздору ошол креслосунда омур бою олтургусу келгендер ЭЛДИН назары жаман, ойлонгула бир кун келет АЛЛАХ ал кунду жазып койгон буюрса кылган кылыгынардын былыгы чыгып, оз кылган жумушунардын жазасын тартасынар. Элибизде - жерибизде тынчтык болсун.