super.kg logo

MegaCom: Байланышка сарпталган чыгымдарды көзөмөлдөөнүн 8 ыкмасы

 

MegaCom мобилдик байланышка сарпталуучу каражаттарды үнөмдөө тууралуу макалалар сериясын байма-байма жарыялап келет. Бул учурда алгач канча акча каражаты сарпталып жаткандыгын билип алууңуз абзел. Биз сизге каражаттарыңызды үнөмдөөгө жардам бере турган, ыңгайлуу кызматты же колдонмону тандап алууну сунуштайбыз. Бул кызматтар акысыз көрсөтүлөт. Алардын катарына төмөндөгү кызматтар кирет:

1. «Төмөн баланс тууралуу автомаалымдагыч» балансыңызды көзөмөлдөөгө жардам берет. Балансыңыздагы каражаттын суммасы 10 сом же андан төмөн болгон учурда сизге SMS-маалымдоо келет. Кызматты кошуу үчүн *510*1#чалуу буйруусун терүү керек.

2. «Ачык эсеп» өткөн айда байланышка сарптаган каражаттарыңызды *080#чалуу, ал эми аракеттеги айдагы эсептөөлөрдү *081#чалуу буйруусу аркылуу билүүгө болот. Сиз телефония кызматтарына, билдирүүлөргө, интернет-кызматтарга ж.б. кызматтарга сарпталган жалпы сумманы текшере аласыз.

3. «Mega USSD» кызматы менен өз номуруңузда кошулган акы төлөнүүчү кызматтар, тарифтик опциялар, топтомдор жана абоненттик төлөмдүн суммасы тууралуу дайыма кабардар болосуз. *515#чалуу сурамын терүү менен текшерүүгө болот.

4. «Эскертүү чеги «Ачык эсеп»» чыгымдарыңызды көзөмөлдөө максатында коюлган чектөөдөн ашыкча сарптабаш үчүн *081*9*ххх# чалуу буйруусун териңиз, бул жерде ххх – чектөө суммасы, сиз бул суммадан ашыкча каражат сарптоону каалабайсыз. Белгиленген чектөө суммасына жеткен учурда ар бир жолу SMS-маалымдоо алып турасыз (кийинки күнү жөнөтүлөт).

5. «Сиздин мобилдик эсебиңиз» - эсебиңиздин деталдоосун электрондук почтаңызга алып туруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Е-mail почтаңызды каттоодон өткөрүү үчүн мобилдик номуруңуздан 130 номуруна электрондук почтаңыздын дареги камтылган SMS жөнөтүү жетиштүү. Ай сайын көрсөтүлгөн e-mail аркылуу эсебиңиздин деталдоосун алып турасыз.

6. «Мега жардамчы» колдонмосу жана сайттагы «Жеке кабинет» онлайн-сервиси – бул өзүн өзү тейлөөнүн жана номурун башкаруунун ыңгайлуу жана жөнөкөй жолдору. Бир эле басуу менен тарифтик планды алмаштырып, зарыл кызматты жана опцияны кошуп, өздүк эсептин балансын жана номурдун статусун текшерип жана башка аракеттерди аткарууга болот.

7. «My Info» өзүн өзү тейлөө сервиси аркылуу убактыңызды үнөмдөөгө болот. Болгону 8687 номуруна акысыз чалуу аткаруу жетиштүү. Сиз аракеттеги ай боюнча баланс, эсептөөлөр, төлөмдөр, бонустар жана башкалар тууралуу актуалдуу маалыматтарды ала аласыз.

8. Ал эми *500 номурун терүү менен Кардарларды колдоо кызматына кайрылууга боло тургандыгын эсиңизден чыгарбаңыз. Аталган бөлүмдүн адистери аптасына 7 күн жана суткасына 24 саат бою сизди кызыктырган суроолорго жооп беришет. Толугураак маалымат компаниянын сайтында.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
10.11.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башында акысыз кызмат деп коюп.кийин акылуу кылып коюшат.
11.11.2016. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билайнда да барбы мындай маалыматтар
12.11.2016. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мегакомдун айынан Бакиев бийликтен кеткен1.50тыйын кыла койуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: