super.kg logo

Тунук сүйүү, кыргыз жеринин кооз жаратылышын чагылдырган "Ажар" көркөм тасмасынын бет ачары өттү (фоторепортаж)

 
Тасманын жаратуучулары
Актриса Жамал Сейдакматова
Тасманын режиссёру Асамиддин Мухиддинов
Белгилүү режиссёр Болот Шамшиев
Тасмадан кадр
Тасмадан кадр
Тасмадан кадр

Бүгүн, 10-ноябрда борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында "Ажар" тасмасынын бет ачары өттү. Алгач кинотеатрдын алдында чакан сынак уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Андан соң режиссёр Болот Шамшиев, сүрөтчү Юристанбек Шыгаев жана тасманын жаратуучулары кызыл килем үстүнөн өтүштү. Тасмада актёр-актрисалар Жамал Сейдакматова, Калипа Усенова, Куштар Камил уулу, Акмаанай Эшбаева жана башкалар роль жаратышкан.

Актриса Жамал Сейдакматова тасмада жараткан ролу тууралуу буларга токтолду: "Кыргыз элине мүнөздүү ак көңүл, мээримдүү чоң эненин образын жараттым. Өзүм да 6 неберенин чоң энеси болгондуктан, образга кирүү кыйынчылык жараткан жок. Акыркы кезде көптөгөн тасмалар жарык көрүүдө. Араларында мыктылары да жок эмес. Буюрса, ушундай темпте өнүгө турган болсо, жакынкы жылдары "кыргыз керемети" кайра жанданат деп ишенем".

Белгилүү режиссёр Болот Шамшиев да чыгып сөз сүйлөп, "Ажар" тасмасы жакканын, келечекте режиссёр дагы мыкты тасмаларды тартарына ишенерин айтып, болушунча аз сындар айтылышын суранып, режиссёрго ийгилик каалады.

Ал эми коюучу режиссёр Асамиддин Мухиддинов мындай дейт: "Албетте, ар бир режиссёр элден өзгөчө тасма тартсам деп ойлойт. Бизде, чынында, көрөрман эмес, сынчылар көп. Көрүүчү болуш үчүн тасмага ишенип, көрөрмандын образына кирип көрүшү зарыл. Мүмкүн, баарыбыз бири-бирибизди жакшы тааныганыбыз үчүн да сынчылар көп болсо керек. Белгилүү бир топ адамдар тасма жөнүндө жылуу пикирлерин айтып жатышат. Андыктан алардан кийин тасма тууралуу бир нерсе айткандан тартынып турам. Буюрса, өмүрүмдү кыргыз киносунун тарыхында кала турган мыкты тасмаларды тартууга жумшайм".

Тасмада шаардык Ажар аттуу башкы каарман жакшы көргөн жигитинин бир тууган эжеси менен сүйлөшүп турганын көргөндө Жалал-Абад облусуна караштуу Арстанбап айылына курбусу менен кетип калат. Жаратылыштын кооздугу, айыл элинин жөнөкөйлүгү, таза аба кызга жагып, жагымдуу таасир калтырат. Бирок ошол эле учурда кызды айылдагы шаркыратмага барган сайын сырдуу, коркунучтуу көлөкө ээрчигенин койбойт...






Өлкөбүздө "Ажар" тасмасы көрсөтүлө баштады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(12)
11.11.2016. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн мыкты тасма корунот.менин да бир таанышым тартылган экен
11.11.2016. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Интернетке качан чыгат болдукен
11.11.2016. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
,"Ажар менен сырдуу колоко "тууралуу экен да анда тасма, кинотеатрлардан чыдамсыздык менен кутобуз
11.11.2016. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Болот байке тарткан болсо сонун чыгат кино
11.11.2016. 06:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде профессионал актерлор өтө аз, эски муун гана профессионалдар а азыркы жаштарда эч кандай актердук чеберчилик жок.
12.11.2016. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adyl.xxxxx, адашасыз мыкты актёрлор коп иийине жеткире аткара тургандар.эсептеп келсен коп алар.
11.11.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корсо болобу жакшы элебекен
11.11.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфодо сериал бар эмес беле, ошол макаланы кино кылып тартган го э
SUPER.KG видео
11.11.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барып коруш керек экен!
Медиа-портал
12.11.2016. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча деген соонун кинолор чыкты чет жакта жургондор козубуз куйуп эле калып кетебиз((( кыргызстанда болгондо созсуз бармакмын! Урматтуу суппер инфонун администрациясы сиздерден сураныч ушу кинолорду платный болсо да коро турган кылып шарт тузуп бергилечи. Чет жакта жургон жердештерибиз каршы болбостур жана мени колодошот !
Медиа-портал
16.11.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurizaa,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип коебуз, рахмат!
14.11.2016. 04:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журналистте эмоция деген жок го яяя.....
кайгылуу, серёзный тон менен сүйлөп баштап ошо менен эле бүтүрүп койду))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: