super.kg logo

Чүй облусунда "46 жаштагы аялды өлтүргөн" деп анын күйөө баласы жана кызы шектелүүдө

 
Маркумдун күйөө баласы
Дайынсыз жоголду делген Татьянанын сүрөтү

Чүй облусунда 2 ай мурун жасалган оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 13-августунда Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө 25 жаштагы Кристина аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, 1970-жылы туулган Татьяна аттуу апасы дайынсыз жоголгонун кабарлап, аны издөөнү суранган. Суракта Кристина апасын акыркы жолу 11-августта көргөнүн айткан. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери үй-бүлөнүн мүчөлөрүн текшере башташканда, Татьянанын дайынсыз жоголушуна анын жакын адамдарынын тиешеси бар экени аныкталган. Оор кылмышка шектелип аялдын 27 жаштагы күйөө баласы жана 25 жаштагы кызы кармалган. Алардын айтымында, 12-августка караган түнү Татьяна менен кызынын ортосунда чыр чыкканда күйөө баласы кийлигишип, ага кол көтөргөн. Татьянанын ден соолугуна оор залал келтирген соң ал каза тапкан. Кылмышты жашыруу максатында Кристина менен жолдошу маркумдун денесин Кызыл-Арык айылынын жанына көмүп салышкан. 10-ноябрда алар маркумду кайсы жерге көмгөнүн көрсөтүшкөн. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
10.11.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куйоо бала кыргызбы же жон эле окшотуп жатамбы?
11.11.2016. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Pandora,туура эле окшоттун
11.11.2016. 06:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Pandora,киргиз болсо керек да
10.11.2016. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Корейго дейм
10.11.2016. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ар бир адамга ыйман бере кор кудайым.башка соз айта албайсын го
10.11.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
адамдар бузулду
11.11.2016. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
шок болдун,жок болдун деген ушул
11.11.2016. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шумдуктар эле кобойду...
11.11.2016. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Карасантайлык менен жасалган Адам олтуруу фактысына олум жазасын киргизуу керек. Антпесе кучоп кетти Адам олтуруу.
11.11.2016. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйо баласы кыргызго дейм .
11.11.2016. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз окшойт сакалчан
11.11.2016. 05:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
акыркы кундору жалан эле олум жонундо жанылык окуп калдык го
кудай озун сактай кор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: