Германиянын Ооганстандагы консулдугуна кол салуу болуп, эки адам каза тапты

Ооганстандын Мазари-Шариф шаарындагы Германиянын консулдугуна “Талибан” радикал кыймылынын согушчандары кол салышты. Анда 2 адам каза болуп, 80 киши жаракат алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин да бул консулдуктун жанында бомба жарылып, 1 адам каза таап, 29 киши жарадар болгон.
“Германиянын дипломаттары жайгашкан "Mazar Hotel" мейманканасынын жанындагы биринчи жардыруудан кийин экинчи күчтүү жардыруу имараттын ичинде болгон”, - деп билдирди аймактык полиция кызматкери Саид Сарвар Хуссейн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.