Чүйдө "кызы менен күйөө баласы өлтүргөн аялдын жансыз денесин унаасына салып барган" деген шек менен дагы бир жаран кармалды



Чүйдө "кызы менен күйөө баласы өлтүргөн аялдын жансыз денесин унаасына салып барган" деген шек менен дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 13-августунда Ысык-Ата райондук милиция бөлүмүнө 25 жаштагы Кристина аттуу жергиликтүү тургун кайрылып, 1970-жылы туулган Татьяна аттуу апасы дайынсыз жоголгонун кабарлап, аны издөөнү суранган. Суракта Кристина апасын акыркы жолу 11-августта көргөнүн айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында аял өлтүрүлгөнү аныкталып, кылмышка шектүү катары аялдын 27 жаштагы күйөө баласы жана 25 жаштагы кызы кармалган. Алар кылмышты жашыруу үчүн маркумдун денесин Кызыл-Арык айылынын жанына көмүп салышканы да белгилүү болгон.
"Бул кылмышка катыштыгы бар деп 1992-жылы туулган С.Т. аттуу Ысык-Ата районунун тургуну кармалды. Ал каргашалуу окуя болгон түнү маркумдун денесин унаасы менен Кызыл-Арык айылына алып барган. Учурда аталган жаран да камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Мындан жаманын кылып атат го.Алар да булар кыргыз боло берет десе жакшыбы