super.kg logo

Аламүдүн районунда "үйүнүн короосунда кара куурай өстүргөн" деген шек менен 68 жаштагы жаран кармалды

 

Аламүдүн районунда "үйүнүн короосунда кара куурай өстүргөн" деген шек менен 68 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин жүрүшүндө 26-октябрь күнү саат 12:30 чамасында 68 жаштагы Л.Г. аттуу жаран көчөдөн текшерүүгө алынган. Өздүк тинтүү учурунда анын күрмөсүнүн чөнтөгүнөн жалпы салмагы 30 граммды түзгөн марихуана алынган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган жаран баңгизатты үйүндө даярдаганын билдирген. Кийин жарандын үйү да тинтүүгө алынып, үйүнүн короосунан жалпы салмагы 33 килограмм 200 граммды түзгөн кара куурай алынган. Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.11.2016. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизнесби же билбестен өстүрүп алганбы
11.11.2016. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ой олуп кеттейин картошка эксем кара куурай чыгып алыптыр"деп карганса керек))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: