Ак-Талаа районунда 8-класстын окуучусунун асынып алганы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө
Ак-Талаа районунда 8-класстын окуучусунун асынып алганы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда SUPER.KG порталына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 10-ноябрда Коңорчок айылындагы үйлөрдүн биринде катталган. Анда 13 жаштагы кыз үйүнүн короосуна мал байлаган арканга асынып каза болгон.
"Кыздын жанынан эч кандай кат табылган эмес. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө", - деп билдиришти Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Азыр балдар аябай эле алсыз,сабырсыз болуп кетишти олуп эле жыргап кетчудой сезилеби тушунбойсун!