ЖЫЛНААМА, 12-НОЯБРЬ: "Даңазалуу кылым" тасмасында Махидеврандын ролун аткарган актриса Нур Айсан 36 жашка чыкты

"Даңазалуу кылым" тасмасындагы Махидеврандын ролун аткарган түрк-немис актрисасы Нур Айсан 1980-жылы 12-ноябрда Германиянын Дуйсбург шаарында туулган. Анын ата-энеси Түркиядан төрт баласы менен мигрант болуп Германияга келген. Нур Айсан орто билимди Түркиянын Бешикташ шаарында алып, андан кийин Халич университетинин кийимдердин дизайны боюнча бөлүмүндө окуган. Окууну аяктагандан кийин банкта иштеп, кийинчерээк телевидениеде диктор болгон.
2007-жылы Нур Айсанды түрк телевидениеси сериалга тартылууга чакырат. Анын биринчи түшкөн тасмасы "Какой из меня отец" аттуу тасма болгон. Бул тасма аз бюджеттүү болуп, анча тааныла алган эмес. 2008-жылы дагы бир сериалга тартылып, Нур түрк элине таанымал боло баштайт. Кийинки тасмасы 2011-жылы тартылган "Долина волков: Палестина" болгон. Ошол эле жылы "Даңазалуу кылым" тасмасындагы Махидеврандын ролуна чакыруу түшкөн.
12-ноябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

Рейтинг:
2

Каректери чункур, жашынан бир аз улуурак корунот. Ошону учун, Мустафа озунон чон болсо да уулу болуп ойногон экенда.