super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-НОЯБРЬ: 1970-жылы АКШда учак кулап, 75 адам каза болгон

 

АКШнын Хантингтон шаарына жакын жерде Douglas DC-9-31 учагы Три-Стейт аэропортуна жетпей кыйрап калган. Борттогу 75 кишинин (арасында Маршалл университетинин футбол командасынын 35 оюнчусу жана 5 машыктыруучусу да бар) баары каза болгон. Кырсык учкучтардын катасынан улам келип чыккан. Учактын ичиндеги Маршалл университетинин америкалык футбол боюнча спорттук командасы Чыгыш Каролина университетинин оюнчулары менен болгон беттештен кайтып келе жаткан. Учакта спортчулардан тышкары аларды колдогон күйөрмандары жана машыктыруучулары болгон.

Кырсыкта курман болгондордун урматына 1972-жылы 12-ноябрда Батыш Виргиниядагы Маршалл университетинде бийиктиги 4 метр, салмагы 3 тоннага жакын фонтан орнотулган. Жыл сайын 14-ноябрда фонтандагы суу өчүрүлүп, кайра жазында иштетилет. Ошондой эле каргашалуу кырсыктын курмандыктарына стадиондордо жана шаардык көрүстөндө эстеликтер тургузулган.

14-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: