super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-НОЯБРЬ: Орусиялык ырчы Лолита Милявская 53 жашка чыкты

 
Лолита жолдошу Дмитрий Иванов менен
Лолита Милявская мурдагы жолдошу жана кесиптеши Александр Цекало менен

Орусиялык ырчы, актриса, режиссёр жана телеалпаруучу Лолита Милявская 1963-жылы 14-ноябрда Батыш Украинанын Мукачево шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы Алла Микифорова джаз ырчысы, атасы Марк Горелик дирижёр болгон. 1985-жылы Лолита Москва мамлекеттик институтунда режиссёрдун окуусун окуп бүтүргөн. Андан соң Одесса филармониясында актрисалык кесибин баштап, ал жерден актёр, музыкант Александр Цекалого кезиккен. Музыкант менен бирге “Кабарэ-дуэт” долбоорун иштеп чыккан. Экөөнүн дуэти популярдуулукка жетип, үйлөнүшкөн. 1999-жылы экөө Ева аттуу кыздуу болушат. Кийин алар “ТВ пицца”, "Таңкы почта" (“Утренняя почта”) көрсөтүүлөрүн даярдап, эфирге алып чыгышкан. 12 жыл чогуу жашап иштешкенден кийин ортодогу түшүн­бөстүк­төрдүн айынан Александр менен Лолита ажырашып, Лолита теледен бир топко жоголуп кеткен.

2000-жылы жеке Лолита Милявская окуучулук кезиндекарьерасын баштоого күч топтоп, телеалпаруучулук кесипти баштаган. 38 жашка келгенде атак-даңктын туу чокусуна жеткен. Көптөгөн ыр жыйнактарын жаздырууга, барктуу журналдардын биринчи бетине чыгууга жетишкен. 2005-жылдын август айында Лолита “Биринчи каналдын” эфирине "Комплекстерсиз" (“Без комплексов”) шоу-көрсөтүүсү менен чыккан. Ал эми 2006-жылдын кышкы сезонунда Александр Цекало менен бирге "Кош жылдыз" (“Две звезды”) музыкалык программасын алып барган. 2012-жылы Лолита Николай Басков жана Андрей Данилко менен бирге белгилүү "Алтынчы күнү кечинде" ("Субботний вечер") программасын алып бара баштаган. 2013-жылы "Forbes" журналы Лолита Милявскаяны эң бай 20 орус музыканттарынын катарына киргизген.

Жеке жашоосу

Студент кезинде Лолита Александр Беляев аттуу мырзага баш кошуп, 1 жыл жашаган соң ажырашып кеткен. Кийинчерээк Виталий Милявский менен таанышып, бирок экөөнүн ортосундагы мамиле дагы көпкө узаган эмес. 1987-жылы ырчы Александр Цекалого турмушка чыгып, 12 жыл өткөн соң ажырашкан. 2010-жылы Л.Милявская орусиялык теннисчи Дмитрий Иванов менен баш кошуп, ал акыркы сүйүүсү экенин элге жарыялаган.

14-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: