super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаевге УКМКнын төрагасы "Мегаком" чуусу боюнча маалымат берди

 

Президент Алмазбек Атамбаев 14-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Сегизбаев "Мегаком" чуусун териштирүүгө байланыштуу президентке маалымат берди.

Белиз мамлекетинин расмий органдарынан траст документтери (апостиль) алынганын, ал документтер 2012-жылы апрелде "Альфа Телеком" ("Мегаком") компаниясынын ошол учурдагы акцияларынын улутташтырыла элек бөлүгүн сатуудан түшкөн 50 миллион доллардан ашык сумманы "Саутфилд" компаниясынын алышына мурдагы жогорку кызматтагы үч адамдын (азыр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары) кызыкдар болгонун күбөлөй турганын айтты УКМК башчысы.

Белгилей кетсек, бийлик "Ата Мекендин" депутаттары Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду жана Аида Салянованы "Мегакомдо" үлүшү бар" деп күнөөлөп келет. Муну Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн "Ата Мекенге" жасалган кысым деп баалагандар көп. Бул жолку УКМК башчысынын маалыматтары да ушундай кабыл алынууда. Социалдык тармактагы билдирүүлөр муну далилдеп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: